SIM-карталарды жеткирүүнү тариздөө үчүн байланыш номери:
0558 77 55 55 (MEGA абоненттери үчүн чалуу акысыз)
SIM-карталарды жеткирүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүргүзүлөт.
Жеткирүү Кыргызстандын аймагында жумуш күндөрү (дүйшөмбүдөн жумага чейин) саат 10:00дөн 18:00гө чейин кардардын ыңгайлуу дареги боюнча ишке ашырылат.
Бишкек жана Ош шаарлары үчүн жеткирүү мөөнөтү — арыз иштелип чыккандан кийин 2 жумуш күнүнүн ичинде. Башка калктуу пункттар үчүн жеткирүү мөөнөтү алардын алыстыгына жараша жеке тартипте каралат.
Жеткирүү заказды тариздөөдө көрсөтүлгөн так дарек боюнча гана жүргүзүлөт.
Жеткирүүгө стандарттуу SIM-карталар гана жеткиликтүү.
eSIM алуу үчүн Бишкек шаарындагы Сатуу жана тейлөө борборлоруна өз алдынча кайрылуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын аймагында SIM-карталарды жеткирүү үчүн «Элдики + MegaTV» тарифтик линиясындагы бардык колдонулуп жаткан тарифтер жеткиликтүү.
SIM-картаны жеткирүү учурунда балансты толтуруунун минималдуу суммасы тандалган пакеттин абоненттик акысына жана старттык комплекттин баасына (50 сом) барабар.
«Күмүш», «Алтын» же «Платина» категориясындагы номерлерди тандаган абоненттер алардын баасын кошумча төлөшү керек.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
Телефон номери туура эмес көрсөтүлсө, жеткирүү убактысы так көрсөтүлбөсө же дарек толук берилбесе, жеткирүү кошумча кечигүүгө алып келиши мүмкүн. Каттоо маалыматтарыңыздын купуялуулугу кепилденет.
МААНИЛҮҮ:
Эгер кардар SIM-картаны жеткирүү учурунда талап кылынган суммада балансты толтуруудан баш тартса, жеткирүүнү ишке ашырып жаткан Менеджер SIM-картаны берүүдөн баш тартууга укуктуу.